БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ак-Буура дарыясынын корук аймагы боюнча комиссия түзүлдү

Ак-Буура дарыясынын корук аймагы боюнча комиссия түзүлдү

Ак-Буура дарыясы. Сүрөт Ош мэриясынын соцтармактагы баракчасынан алынды

Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Аны курулуш тармагын жетектеген вице-мэр Замир Юсупов жетектейт. 

Мэриянын басма сөз кызматынын билдиришинче, тийиштүү мамлекеттик органдардан түзүлгөн жумушчу комиссия жер тилкелерди тактап, мониторинг жүргүзүп сунуш беришет. Аталган топко өз ишин жүргүзүүгө байланышкан маселелер боюнча зарыл учурда тиешелүү эксперттерди, адистерди тартууга укук берилет.

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. Баарынын тең сөөгү табылды.

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаган.

Бир катар жарандар үй-жайсыз калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча, суу ташкындан 800дөй үй зыян тарткан. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей