БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ак-Буура: жергиликтүү бийликтин токтомун прокуратура мыйзамсыз деп тапты

Ак-Буура: жергиликтүү бийликтин токтомун прокуратура мыйзамсыз деп тапты

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ак-Буура дарыясынын элүү метр алыстыктагы жери дарыянын коргоо зоонасына кирип, өкмөттүн талабы боюнча бак-дарактарды эске албаганда ал жер бош жатышы керек. Бирок өткөн жылдын декабрь айында шаардык кеңеш атайын токтом чыгарып, Ак-Бууранын коргоо зоонасын 50 метрден 25 метрге кыскартты. Муну менен катар шаардагы тогуз каналдын баарынын коргоо зооналары 40, 30 метрден 10,6 метр деп өзгөртүлдү. Буга удаа эле шаар мэри Бактыбек Жетигенов кыскартылган коргоо зоналарын муниципалдык менчикке алуу тууралуу өзүнчө токтом чыгарган. 

Шаардык кеңеш менен мэрия кайсы чечимге таянган? 

Узундугу 136 чакырым болгон Ак-Бууранын 16 чакырымдан ашыгыраак бөлүгү Ош шаарынан өтөт. Шаардык кеңеш дал ушул 16 чакырымдын коргоо зоонасын 25 метрге кыскарткан. Шаардык кеңештин төрөгасы Салман Назылбеков бул боюнча мындай түшүндүрмө берди:

"Өкмөттүн чыгарган токтомдорунун негизинде шаардын аймагынан өткөн каналдарды ошол жердин жергиликтүү кеңешинин чечими менен чоңойто алат же кичирейте алат деген нерсе бар экен. Ошонун негизинде биз шаардык кеңештин токтому менен бекитип бергенбиз. Ар бир каналдын узундугуна жараша туурасы болот деген. Бул нерсе кайра-кайра артка кайтып жатып анан бекиткенбиз", -дейт Назылбеков.

Төрага айтып жаткан кыргыз өкмөтү 1995-жылы чыгарган 271-токтомдо болсо коргоо зооналары дарыялардын, каналдардын узундугуна, андагы суунун өлчөмүнө жараша болоору жазылып турат. Дарыянын узундугу он чакырымдан аз болсо эки жээгинен 50 метрден, 10-50 чакырымга чейин болсо 75 метрден, 50-100гө чейин 100 метрден, 100 чакырымдан ашык болсо 150 метрден жер бош калтырылып, ал жерге эч кандай курулуш курулбай, чарбалык объектер түшпөшү керек.

Бирок ушул эле жобонун 23-бөлүгүндө суу объектисине удаа жайгашкан шаар, калаа-шаар, айылдагы калктуу конуштардын аймактарына жээги суу коргоочу тилкелер гана калтырылат. "Алардын өлчөмү долбоордун конкреттүү шарттарына тиешелүү жергиликтүү кеңеш бекиткен башкы план боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш өзгөчөлүгүнө таянуу менен белгиленет" деп жазылып турат. Шаардык кеңештин, мэриянын чечим кабыл алууда таянган жери ушул бөлүк.

"Шаардык кеңештин токтому чыккандан кийин Юстиция министрлигине катталат. Мэриянын мында эч кандай кызыкчылыгы жок. Бул жерде ошол мэриянын буга макулдук берүүсүнүн себеби турак үйлөрдү, стратегиялык мамлекеттик обьектилерди копиталдык курууда же болбосо кайрадан оңдоп-түзөөдө тоскоолдуктарды жаратып келген. Анткени 50 метр корук зонасы кармалбаган учурда бул мыйзам бузуу болуп саналгандыктан облустук ватхоздун сунушу менен бул чечим кабыл алынган", -дейт Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов.

Ак-Буура эч бир мамлекеттик мекеменин балансына алынган эмес. Жада калса мамлекеттик кызыл китеби жок. Мындан улам суунун ээси болбогондон кийин коргоо аймагын кыскартууну мэрия мыйзам боюнча өзү көтөрө албайт. Ошондуктан тырмакчанын ичиндеги бул милдет Суу-чарба башкармалыгына жүктөлгөн.

Сууну дыйкандарга бөлүштүрүү ишин аткарган аталган мекеменин кызматкери Эркин Абдрахманов коргоо зоонасын кыскартууну демилгелеген менен, андан эмне пайда болоорун өзү деле так билбей турганын айтты. Келечекте шаардын инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзүшү мүмкүн деген гана оюн билдирди.

"Пайдасы - шаар өнүгүшү мүмкүн. Шаарыбыз келечекте жакшы болуп, жарандар сууга жакын жерде эс алып калышы мүмкүн. Чоң курулуштар болбосо дагы ушундай майда курулуштар болсо, Оштун өнүгүүсүнө жакшы таасирин тийгизет", -дейт Ош башкы суу чарба башкармалыгында оңдоо куруу бөлүмүнүн адиси Эркин Абдрахманов.

Мындан төрт жыл мурун ошол кездеги Экотехинспекция прокуратура кызматы менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, Ак-Бууранын шаар аймагындагы жээгинде эле коргоо зоонасына кирип кеткен 739 курулуш бар экенин аныкташкан. Анын 400дөйү союз учурунда салынып калса, 350гө жакыны элүү метрлик чек аныкталгандан кийин мыйзамсыз салынган деп табылган. Иш сотко өткөрүлүп берилгени менен түрдүү себептерден улам аягына чыккан эмес. Эми алар да мыйзамдуу болуп калышты. Анткени мыйзам бузуу аныкталгандан кийин үч жылдын ичинде чара көрүлүшү керек эле. Адистер бул текшерүүдөн кийин деле Ак-Буураны бойлой отуздай курулуш түшүп кеткенин айтышат.

Эл аралык маанидеги дарыянын коргоо зоонасын өкмөт бекитет

Ал эми каналдардын боюнда маселе эки эсе курч. Ак-Буурада айрым жерлер бош калтырылса, каналдардын так түбүндө да учурда эл жашаган үйлөр бар. Шаардык кеңештин токтому чыккандан кийин мэр Бакытбек Жетигенов өзүнчө токтом чыгарган. Анда Ак-Бууранын жана дарыялардын жээгиндеги бош жаткан жерлерди муниципалдык менчикке алып, аны киреше табуу максатында иштетүү тапшырмасы берилген. Мойдунбек Ражапов Ак-Буура эл аралык маанидеги дарыя болгондуктан, анын коргоо зоонасын өкмөт гана бекитиши керек экенин белгиледи. Жергиликтүү бийликтин сунуш берүүгө гана укугу бар болчу дейт.

"Ошол "Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги бош жаткан жерлерди мунципалдык менчике алгыла" деген. Бул мунципалдык менчик деген жеке менчик. Анан мэрия өзү кааалагандай курулуштарды курушу мүмкүн. Мыйзамдарда жер кодексинин 89-90- бөлүгүндө да көрсөтүлүп жатат", -дейт ал.

Мэрдин ошол эле токтомунда Ош шаардык "Кадастр" мамлекеттик мекемесине баардык документтерди кыскартылган нормаларга ылайык даярдоо, архитектурага курулушка уруксат берүү тапшырмасы берилген. Бирок бир жылдан бери архитектура эч кимге эч кандай документ берилбегенин билдирди.

Ош шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы калаада 80ден ашуун кооптуу аймак бар болсо, анын 60%ы Ак-Буура дарыясына туура келээрин маалымдады. Мекеменин бөлүм башчысы Мырзабек Арыкчиев көбүнчө сел жана суу ташкындары көйгөй жаратаарын айтып, каналдардын дарыянын нугун тазалоодо коргоо зоонасына түшүп калган курулуштар чоң түйшүк жаратарын, айрымдарын бузууга туура келээрин белгиледи.

"Табияттын кубулуштарына жараша суу ар кандай болуп өзгөрөт. Кээде көбүрөөк келет, аз келет. Бүгүнкү күндө 1-3 метрге чейин суу жээкти алып кеткен учурлар болот. Ошого суу 25 метрди сегиз жылда жууп кетиши мүмкүн. Ошондо корук зоналарын жылдырууга туура келет", -деген ал.

Жергиликтүү бийлик токтом күчүнө кирди деген менен Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгы да өкмөттүн токтомунун негизинде иш алып барып жатышат. Алар жергиликтүү бийликтин токтомуна таянып суу жээктерине курулуштар түшүп кетүүсү толук мүмкүн экендигин, бирок ага экологиялык жактан эч качан уруксат берилбестигин эскертишти.

Шаардык кеңештин токтому мыйзамга каршы келет

Ош шаардык прокуратурасына башка кызматтарды убара кылбай эле биздин редакция арыз жаздык. Тагыраагы шаардык кеңештин чыгарган токтомунун мыйзамдуулугун карап берүүсүн өтүндүк. Аталган мекеме шаардык кеңештин чечими мыйзамдарга каршы кабыл алынган деген жыйынтыкка келип, коргоо зоонасын кыскарткан токтомду жокко чыгарууну талап кылган акт шаардык кеңешке жиберилгенин маалымдашты.

"Биз "Чечимиңерди жокго чыгаргыла, андан жогору турган мыйзам жана башка нерселерге карама-каршы келет" экен деп прокурордук акт келтирдик. Анда кароо мөөнөтү болот. Он күн ичинде каралыш керек. Эгерде алар реакция кылбай койсо, биз сотко кайрылабыз",  -деди прокуратуранын өкүлү Канат Насипов.

Быйыл Ош шаарында беш адам сууга агып каза болду. Өткөн жылы тогуз жаран Ак-Буурага, башка каналдарга агып кеткен. Каза болгондордун көпчүлүгү жаш балдар. Адистер кырсык каналдарга жакын жайгашкан үйлөрдө, Ак-Бууранын жээгиндеги эс алуучу жайларда болоорун айтышат. Суу коргоо зоонасына кирген Токтогул паркын, борбордук стадионду, 4000 ашык турак үйдү көчүрүү мүмкүн эмес.

Макаланын видео версиясы бул жакта.

Автор: Улукбек кызы Асем > 380 макала