БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ак илбирс-Кыргызстандын улуттук символу

Ак илбирс-Кыргызстандын улуттук символу

Интернеттен алынды

Садыр Жапаров "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Ак илбирс дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген.

Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс улуу Манастын тотемдик жаныбары.

Жарлыкта ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жана коргоо максатында бир катар чаралар камтылган.

Кыргызстан жапайы жаратылышты коргоо боюнча глобалдык программалардын активдүү катышуучусу болуп саналат. 

 

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей