БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Футбол: Ак шумкарлар бүгүн Иран менен беттешет

Футбол: Ак шумкарлар бүгүн Иран менен беттешет

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Иран менен беттешет. Оюн Бишектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат

Бул беттеш 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун алкагында өтүүдө.

Буга чейин улуттук курама Түштүк Кореянын командасы менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.10-октябрда Доха шаарында Катардын курама командасы менен ойноп, 3:1 эсебинде утулуп калган. Ак шумкалар бул баскычта Иран, Катар, Өзбекстан, ОАЭ жана Түндүк Корея курама командалары менен беттешет. 

Алдыда дагы улуттук курама эки оюн өткөрөт. 

Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо турунун оюндары 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июль айына чейин өтөт. Беттештердин жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эки мыкты команда чемпионатка жолдомо алат. Тайпаларда үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар 4-квалификациялык раундда эки жолдомо үчүн күрөшүп, плей-офф оюндары аркылуу Дүйнө чемпионатына дагы бир жолдомо ойнотулат.

Дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт. Ага 48 курама команда катышат.

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала