БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борбордун башкалка жайы имаратсыз калышы мүмкүн

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борбордун башкалка жайы имаратсыз калышы мүмкүн

Иллюстративдик сүрөт

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун башкалка жайы жабылып калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Т-Медиага" борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова билдирди. Анын айтымында, алар жайгашкан имарат Ош облустук ооруканасына карачу. Азыр башка уюмга өтүп кеткен. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинен адистер келип "бошотукула" деп акт түзүп кеткен. 

Дарика Асилбекова учурда башка жай таппай жаткандыгын айтты. 

"Имарат кайсы уюмга өтүп кеткени белгисиз. Эми башка жакты карайлы деп жатабыз. Бирок башка имарат жок болуп жатат. Азыр суукта бизге көчүү кыйынга туруп жатат", -дейт ал.  

Ал эми Ош облустук ооруканасынын жеткечиси Атабек Жумалиев Саламаттык сактоо министрлигин буйругу менен 46 иш бөлмө Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана классификацияны жогорулатуу институтуна өткөрүлүп берилгенин билдирди. Анын арасында "Ак жүрөк" кризистик борбору жайгашкан кана да бар. Анын себебин ал аталган институт Төлөйкөндүн төрөт үйүндө жайгашып, бейтаптарга орун жок болуп жатканы менен түшүндүрдү.

"Кризистик борбордун имараты оорукананын жатаканасы болчу. Министрликтин буйругу менен биздин баланстан чыкты. Аталган институтка өткөрүп бердик. Имаратка ошол институт жайгашат".

"Ак жүрөк" кризистик борборун Дарика Асилбекова 2002-жылы ачкан. 2009-жылы аталган борбордо баш калкалоочу жай уюштурган. Ал жерде оор кырдаалдарга кабылган аялдар жана балдар убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыздалат. Учурда кризистик борбордун башкалка жайында 12 аял бар. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей