БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

АКШ кыргызстандыктарга берилчү визанын мөөнөтүн узартты

АКШ кыргызстандыктарга берилчү визанын мөөнөтүн узартты

Интернеттен алынды

Америка Кошмо штаттары 4-марттан тарта Кыргызстандын жарандарына туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн 10 жылга узартты. Мурда беш жыл болчу. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Мындан сырткары Кыргызстандын паспортун алып жүргөн жарандан визанын B1, B2 и B1/B2 түрү үчүн алынуучу 20 долларлык төлөм алып салынды.

"Бул өзгөрүүлөр кыргыз элине кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга, өлкөлөр аралык саякатты жөнөкөйлөтүүгө жана биздин байланышыбызды бекемдөөгө багытталган", - деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.

Элчиликтин маалыматына караганда, он жылдык визалар 4-марттан тарта гана бериле баштайт. Мурда берилген визаларга тиешеси жок.

Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын 651 миң 405 жараны чет өлкөлөрдө миграциясында жүргөнүн кабарлаган. Анын ичинен 36 миң кыргызстандык АКШда иштеп, жашап келишет. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей