БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

АКШда бир кыргыз жараны авто кырсыктан каза болду

АКШда бир кыргыз жараны авто кырсыктан каза болду

Сүрөт интернеттен алынды

Америка Кошмо Штаттарында жол кырсыгынан бир кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кырсык Пенсильвания штатынын Карбон округундагы I-80 (Interstate) штаттар аралык автомагистралында болгон. 38 жаштагы аял алган жаракатынан жеринде көз жумган. 

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралат.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги каза болгон жарандын жакындары менен байланышта болуп, аларга зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүп жатат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей