БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

АКШдагы президенттик шайлоо: Дональд Трамп алдыда

АКШдагы президенттик шайлоо: Дональд Трамп алдыда

Дональд Трамп, Камала Харрис

Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 214 добушун топтоду. Ал эми анын атаандашы Камала Харрис 179 добуш алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Бул шайлоодо жеңишке жетүү үчүн талапкерлер 270 добуш чогултушу керек. 

Учурда Трамп бир катар штаттарда жеңишке жетти. Анын ичинен Алабама, Арканзас, Флорида, Индиана, Кентукки, Миссисипи, Оклахома, Түштүк Каролина, Теннеси, Батыш Виржиния сыяктуу штаттардын көпчүлүк добуштарын алуу менен ал алдыга озуп кетти. Ал эми Камала Харрис Коннектикут, Делавэр, Иллинойс, Мэриленд, Массачусетс, Нью-Жерси, Вермонт, Род-Айленд, Колорадо жана Нью-Йорк штаттарында жеңишке жеткен.

78 жаштагы Дональд Трамп бул ирет шайлоого төртүнчү жолу катышып жатат. Ал буга чейин 2020-жылы Джо Байденге утулуп, кийинки мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган.

60 жаштагы Камала Харрис өзүн азыркы президент Жо Байден менен Трамптын ордун баса турган жаңы лидер катары көрсөтүүдө.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала