БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

АКШнын мурдагы президентине ок атылды

АКШнын мурдагы президентине ок атылды

Сүрөт интернеттен алынды

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп Пенсильвания штатындагы шайлоо өнөктүгүндө сүйлөп жаткан учурда ок атылды. 

Социалдык тармактарга тарган видеодо ал ок атылганда трибунага эңкейе калганын, аянттан жансакчылардын жана коопсуздук кызматкерлеринин жардамы менен чыгып кеткенин көрүүгө болот. 

Окуя болгон жердин прокурору ок атышуунун кесепетинен каза болгондор бар экенин, жараат алгандардын абалы оор болуп жатканын билдирди. Ок чыгарган адам күч кызматкерлери тарабынан жок кылынган. Шектүүнүн өздүгү тууралуу азырынча маалымат жок. 

АКШнын атайын кызматынын байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Энтони Гульельми X социалдык тармагына Трамп "коопсуз жерде" деп жазды жана иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.

Трамптын өкүлү CNN телеканалына анын абалы жакшы экенин, жакын жердеги мекемелердин биринде медициналык жардам алып жатканын кабарлады.

Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо төрт жылда бир өтүп турат. Бул жылкы шайлоо 5-ноябрга белгиленген.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей