БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Аксы райондук прокуратурасы коррупциядан 900 миң сомдон ашуун каражат өндүрүлгөнүн билдирди
Жалал-Абад облусунун Аксы райондук прокуратурасы 2024-жылдын он бир айында коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышын текшерүү учурунда 902 миң 85 сом өлчөмүндөгү зыянды акчалай, 2 млн. 600 миң сомду натуралдык түрдө толтурду. Бул тууралуу 9-декабрда Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтылды.
Мекеменин билдиришинче, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Мындан тышкары райондук прокуратура тарабынан эки оор коррупциялык кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Автор: Улукбек кызы Асем > 419 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat