БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аксы районунда үйлөрдү, унаа жолдорду суу каптады

Аксы районунда үйлөрдү, унаа жолдорду суу каптады

Аксы району. 23.04.2024. Сүрөт: ӨКМ

23-апрелде нөшөрлүү жамгырдан кийин Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айрым айылдарды сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча, Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын суу баскан. 

Андан сырткары Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолунун 3-чакырымында кум-шагыл аралаш сел жүргөн. Мындан улам унаалардын каттоосуна кыйынчылык жаралган. Ал эми Кара-Суу айылынын Бөктөр тилкесинде Топ-Жаңгак – Кара-Суу унаа жолунун 3-чакырымына, Кызыл-Туу айылындагы Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолун, Жаңы-Айылда бир турак үйдүн чарбагын, ички чарбалык жолун кум-шагыл аралаш селге толгон.

Жеринде селдин кесепеттерин жоюуга министрликтин райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, үч куткаруучу, бир мотопомпа, Кара-Камыш айылынан бир жүктөгүч, беш кызматкер, №12 жол тейлөө ишканасынан бир жүктөгүч тартылган. 

Өлкөдө 20-21-22-апрель күндөрү жамгыр жаап, Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрдү. Бир катар автоунаа жолдору жабылган. Мырзаке- Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда сел унааны агызып, бир адам каза болгон.

Автор: Т-Медиа > 355 статей