БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аксы: сел коркунучунан улам көчүрүлгөн жашоочулар үйлөрүнө кайтты

Аксы: сел коркунучунан улам көчүрүлгөн жашоочулар үйлөрүнө кайтты

Сүрөт: ӨКМ/ 21.07.2024

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ири-Булуң жана Кара-Суу айылдарындагы 56 үй-бүлө үйлөрүнө келишти. Алар сел коркунучунан улам 20-июлда коопсуз жайга көчүрүлгөн болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сел суулары эки турак үйдүн ичин, 35 үйдүн короосуна каптаган. Ошондой эле төрт чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган.

Мындан тышкары 15:30 чамасында катталган шамалдын кесепетинен эки социалдык объекттинин жана  эки турак үйдүн чатырын шамал  учуруп, бир электр мамычасын кулаткан. Мындан улам 35 үй электр жарыксыз калган. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

20 июлда Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагында түштөн кийин жааган жамгырдан улам Кезарт сел каналынан суу ашкан. Ал Кара-Суу дарыясына толуп, ага жакын жайгашкан 56 турак үйгө коркунуч жараткан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей