БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аксыда сел жүрүп, кооптуулук жаралган үйлөрдөн 250 адам эвакуацияланды. Видео

Аксыда сел жүрүп, кооптуулук жаралган үйлөрдөн 250 адам эвакуацияланды. Видео

Сүрөт ӨКМ маалымат кызматынан алынды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селден улам 64 үй бүлө убактылуу эвакуацияланды. 25-май күнү Кара-Камыш аймагынын Кезарт айылынынан түшкөн сел Кара-Жыгач-Кызыл-Көл унаа жолун каптаган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел суулар көпүрөнүн түбүнө батпай ашкандыктан жол каттамы жабылганын кабарлады. Кезарт сел сайынан түшкөн сел калдыктары Кара-Суу дарыясын бөгөп, суунун деңгээли көтөрүлүп, сол жээгиндеги турак жайларга кооптуулук жаралган. Мындан улам 64 үй-бүлөдөгү 250 адам үйүнөн алып чыгып кетилди. 

 

Учурда жеринде жолдорду калыбына келтирип, кооптуулукту жоюу иштери жүрүп жатат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей