БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Активисттер Өндүрүш Токтонасыровго салынган айып пулду төлөө үчүн акча чогултууда

Активисттер Өндүрүш Токтонасыровго салынган айып пулду төлөө үчүн акча чогултууда

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

"Кылым Шамы" адам укуктарын коргоо борбору активист Өндүрүш Токтонасыровго салынган 100 миң сом айып пулду төлөө үчүн акча жыйнап баштады

Аталган борбор Токтонасыровдун мындан ары адилетсиздик менен күрөшкөнгө аргасы калбаганын, бирок сот чечимин аткарбай коюу кайра жоопкерчиликке түртөрүн белгилеген. 

"Өндүрүш байке 5000 сом айлыгына абдан жупуну жашайт. Бир жыл болгон сотто экинчи инсультун баштан кечирди, экинчи топтогу майып. Ал ага салынган айыпты көтөрө албайт. Өндүрүш байкеге бул айыпты жабууга жана тынч жашоосуна чогуу жардам берели", -деп жазган "Кылым Шамы" борбору.

Жардам үчүн реквизиттер: MBANK: +996 555081678

19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси боюнча күнөлүү деп таап, ага 100 миң сом айып пул салган. 

Токтонасыров өзүнө карата тагылган айыптарга макул эместигин айтты.

18-июндагы соттук отурумда прокурор активистти үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сураган. Токтонасыровго карата кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон. Аны милиция 30-июнда кармап кеткен. Кийин укук коргоочунун "Фейсбук" баракчасына жазгандарына карата экспертиза дайындалганы маалым болгон. 

Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара тууралуу пикирин ачык айтып, акцияларга чыгып келген. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей