БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акыйкатчы институту: журналист Махабат Тажибек кызынын денеси көгөргөн

Акыйкатчы институту: журналист Махабат Тажибек кызынын денеси көгөргөн

Махабат Тажибек кызы

Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы абакта сабалганын айтып арыз жазган эле. Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 6-апрелде 1-тергөө абагына барып журналист жана аны менен бир камерада отургандар менен жолуккан. Тажибек кызынын денесинде көк тактар бар экенин, бирок сүрөткө тартууга уруксат болбогонун маалымдашты.

Кароо учурунда мекеменин жетекчилиги ошондой эле, М. Тажибек кызы, Н. Кудайбергенова жана К. Аранова менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн.

"Аялдын айтымында, 2024-жылдын 4-апрелинде кечки текшерүү учурунда кызматкерлердин бири кармалып турган Н. Кудайбергеновага буюмдары менен сыртка чыгууну буйруган. Ал баш тарткан. Ал кызматкерди алар мурда көргөн эмес. Эртеси 5-апрелинде мекеменин кызматкерлери Н. Кудайбергенованы башка камерага которуу максатында кайрадан буюмдары менен аны сыртка чыгуусун талап кылган. Ага байланыштуу конфликт болгон. Аялга карата күч колдонуу болуп, Н. Кудайбергенованы күчтөп сыртка чыгарышкан. Мекеменин кызматкерлеринин версиясы боюнча кармалып турган аял каршылык көрсөткөн" – деп жазылат маалыматта.

Махабат Тажибек кызынын эки колунда, бет-жаагы жагында (сол жак жаагы), сол жак колтук жагында көк-ала тактар бар экени аныкталган.

"Бул көк-ала тактарды фото, видеого тартууга мекеменин кызматкерлери макул болгон эмес, бул тууралуу акт түзүлгөн. Мекемеге барган учурда, атайын прокуратуранын жана кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү да болгон. Атайын прокуратуранын маалыматы боюнча бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталды".

Тажибек кызы жана К. Аранова укуктарын коргоп берүүсүн суранып Акыйкатчынын атына арыз жазышкан. Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга, жана аларга карата күч колдонуунун негиздүүлүгү боюнча тыкыр иликтөөгө чакырат.

Буга чейин мекеменин басма сөз катчысы Махабат Тажибек кызынын сабалганын четке каккан.

Эске салсак 16-январда милиция эрте менен "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 11 кызматкерин кармап кеткен. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды эки айга камоо чечимин чыгарган. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. 

Учурда "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы менен дагы беш журналист Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Алар 13-майга чейин камалган. Жактоочулар бир канча ирет үй камагына чыгаруу боюнча арыз жазганы менен, сот бул сунушту четке кагып келет.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей