БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акыйкатчы: Ошто өспүрүм кызды сексуалдык кулчулукта кармагандар эркиндикте жүрөт

Акыйкатчы: Ошто өспүрүм кызды сексуалдык кулчулукта кармагандар эркиндикте жүрөт

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 15 жаштагы кыз бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Жахангир Сайфуллаев билдиргенин Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан "Т-Медиага" билдиришти.  

Жактоочунун сөзүнө караганда, кызды ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, "башка бирөөгө айтса өлтүрүп коебуз" деп коркутуп, кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, интернетке таркатып жиберишкен. Бирок алар кимдер экендиги мекеменин билдирүүсүндө айтылган жок.

"Ошону менен катары эле алар жаш кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү жаш кыздын кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тез аранын ичинде укук коргоо органдарынан адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү талап кылат. Жашы жете элек жаш балдарды сатуу менен алектенгендерге карата мыйзам чегинде чаралар колдонулушу керек. Мындай ачыктан-ачык кылмышка тиешеси барлардын баары табылып, өз жазаларын алышы керек", - деп айтылат маалыматта. 

Учурда узак мөөнөттүү реабилитацияга муктаж болгон жабырлануучуга акыйкатчынын Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү юридикалык жардам көрсөтүп жатканы айтылды.  

Өспүрүм кыздын айтымында, аны сабап, коркуткандардын баары азыр да эркиндикте жүрөт.

Автор: Т-Медиа > 354 статей