БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акыйкатчы пробациялык көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылып жатат

Акыйкатчы пробациялык көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылып жатат

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева пробацияга көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтып билдирүү таратты. Ал Таласта бир үй бүлөдө үч жаран өлтүрүлгөн окуя тынчсыздандыраарын кабарлаган. 

Акыйкатчы оор кылмыштар үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробациялык көзөмөлдү колдонуу практикасы кылдат изилдөөнү, кайра текшерүүнү талап кылып сот органдары жана Юстиция министрлигине кайрылган. 

"Кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин, өч алуу максатында, зордук-зомбулукка кабылгандардын алдына келип, катаал кылмыштарды жасаган биринчи жолку көрүнүш эмес. Мамлекеттик органдар коомду жана зомбулуктун курмандыктарын пробацияга алынган кылмышкерлерден коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш" - деген Жаманбаева. 

24-майга караган түнү Талас облусунун Айтматов районундагы (мурдагы Кара-Буура) Ак-Башат айылында үч кишинин сөөгү табылган. 27 жаштагы аял төрт жаштагы кызы жана эки жарым жаштагы уулу менен үйүндө өлтүрүлгөн. 

Кийин милиция шектүү буга чейин бир тууганы менен мүлк талашып чырдашканда ага бычак шилтеп соттолгонун, 14-майда пробациялык көзөмөлдөн чыгарылганын билдирген. Ал маркумдардын үйүнө өч алуу үчүн барганы айтылып жатат.

Ички иштер министирлиги (ИИМ) бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоп, маркумдун үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Ал тоо аралап качып кетүүгө аракет кылган учурда күч органдарынын колунан каза тапкан. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей