БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акыйкатчы Жаманбаева байланган абалда табылган өспүрүм кыздын ишин көзөмөлүнө алды

Акыйкатчы Жаманбаева байланган абалда табылган өспүрүм кыздын ишин көзөмөлүнө алды

Сүрөт: "Вести"

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Сокулук районундагы Биринчи Май айылында колу-буту байланып, көчөдө табылган 7-класстын окууучусунун ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун мекеменин басма сөз кызматты билдирди.


Маалыматка караганда, акыйкатчы мамлекеттик органдардын жетекчилерине кыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу жана күнөөлүү тараптарды аныктоо жана кылмыш жоокерчилигине тартуу үчүн баардык зарыл болгон чараларды кабыл алуу  талабы менен кайрылган. 

Мындан сырткары кыздын апасы институттун кызматкерлерине кылмыш тууралуу айтып берген. 

Кыздын апасынын айтымында, анын колу-буту байланып, ич кийими чечилген абалдагы кызын кошуналары табышкан. Кошуна аял көчөдө бети менен жер карап, колу-буту байланып жаткан кызды көргөн. Кичинекей кыздын оозуна чүпүрөк тыгылган. Улгайган аял кыздын тамырын кармап көрүп, оозундагы тыгынды алып салган. Андан кийин милиция кызматкерлерин чакыртышкан.

Кыздын апасынын айтымында, ал үйүнөн таштанды төгүп келгени чыгып, жолдо турган жаш жигиттерди көргөн. Кыз апасы ага чейин издеп келүүгө чыккан байкесин “көрдүңөрбү?” деп алардан сураган. Жигиттер  анын агасын көрбөгөнүн айтышкан. Кыз артына бурулуп кетип бара жаткан учурда кимдир-бирөө аны башка чапкан, эсин жоготкон. Оозуна тыгылган чүпүрөктү алган кезде гана эсине келген.   

Окуя боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы  Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Эске салсак, 24-октябрда Чүйдө өспүрүм кыздын колу-буту байланган абалда кошуналары таап, милицияга кабар берген. 

Акыйкатчы институтунун маалыматында былтыр укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздө экени кабарлаган.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей