БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыяланып, айрымдары кызматтан алынды

Бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыяланып, айрымдары кызматтан алынды

Сүрөт: Т-Медиа

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевге, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго жана президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевге коюлган тапшырмаларды так аткарбаганы үчүн сөгүш берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-апрелде өкмөттүк жыйында айтты. 

Ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жумамүдүн Жумалиевге, Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаевага жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкуловага да сөгүш берилди.

Мындан тышкары тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов жана президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев эскертүү алды.

Ал эми Чүй облусунун Кемин районунун акими Алайбек Жумаев, анын орун басарлары А.Р. Мурсалиев, К.Р. Жетенбаев, аппарат жетекчиси Б.Н. Алиев,  Баткен облусунун Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары А.К. Ташбалтаев, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акимин биринчи орун басары А.К. Дүйшембиев ээлеген кызматтарынан бошотулду.

24-апрелде президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген. Буга алар өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү себеп болгон

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей