БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акылбек Жапаров Орусиянын "Мир" карталарын тейлөөнү токтотулушу тууралуу үн катты

Акылбек Жапаров Орусиянын "Мир" карталарын тейлөөнү токтотулушу тууралуу үн катты

Акылбек Жапаров

Министирлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө Орусиянын "Мир" карталарынын тейлөөсү токтотулган чечим Кыргызстан тарабынан кабыл алынбаганын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы "Кабар" маалыматтык агенттигине берген маегинде айтты.

"Биринчиден, биз эч кандай санкциядан коркпойбуз. Жашоо санкция менен деле улана берет. Экинчиден, санкция киргизгенге негиз да жок. Үчүнчүдөн, "Мир" картасын биз токтоткон жокпуз. Биз тейлөө токтотулгандан кийин билип калдык. Себеби МПЦ (ред-банктар аралык процессинг борбору) өкмөткө карабайт. Аны коммерциялык банктар көзөмөлдөйт. Улуттук банкты да угушпайт экен. Коммерциялык банктар МПЦнын 54% көбүнө кожоюндук кылышат экен. Балким ошол коммерциялык банктар санкцияга түшүп калбайлы деп чочулашса керек деп ойлойм", - деген ал.

Жапаров аталган карта көбүнчө орусиялыктарга эмес, Кыргызстанга пайда алып келип жатканын, себеби, Орусияда иштеп жүргөн 1 млндан ашык кыргыз жараны акча которууда "Мирди" колдонуп келишкенин кошумчалады.

Кыргызстандын Банктар аралык процессинг борбору үстүбүздөгү жылдын апрелинде өлкөдө россиялык "Мир" карталарын тейлөө токтотулгандыгын кабарлаган. Буга АКШнын Каржы министрлигинин Оруссияга каршы киргизген экономикалык санкциясы себеп болгону айтылган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей