БАШКЫ БЕТ > Макалалар
Акыркы алты жылда армияда 68 жоокер ажал тапты. Бул эмнеге кооптуу?
Былтыр ноябрда Айдаркендеги 20-21 аскер бөлүгүндө он сегиз жаштагы Айжигит Таалайбек уулу каза тапкан. Ал жоокер болууну самап, өз ыктыяры менен аскерге барганына бир ай болгондо айылына сөөгү келген. Чек ара кызматы Айжигиттин дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп каза болгонун билдирген.
Бул окуя армиядагы жалгыз учур эмес. Биздин редакция ажал тапкан жоокерлердин окуяларын анализдөөгө аракет кылды. Акыйкатчы институту жана Аскер прокуратурасынын расмий маалыматтарына таянып, бул эмнеден улам болуп жатканына жооп издедик.
“Баламды армияга дени соо жибергем”
2022-жылы Ички иштер министрлигинин Ош шаарындагы 703 аскер бөлүгүндө да жоокердин өлүмү катталган. Ал аскердик билетин алып үйүнө кетээрине бир ай калганда таңга жуук эс-учун жоготуп жыгылган. Соттук медициналык-биологиялык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала божомол менен анын жүрөк оорудан каза болгондугу айтылган. Бирок маркум М. уулу А.нын ата-энеси уулу армияга ден-соолугу чың, соо кеткенин билдирген.
Акыйкатчы аппаратынын маалыматы боюнча, 2017-2022-жылдар аралыгында армияда каза болгон жоокерлердин саны 68ди түзгөн. Бул орточо ар айда бирден жоокер каза болгон дегенди түшүндүрөт.
Анализ көрсөткөндөй 2017-2022-жылдар ичинде кыргыз армиясында каза болгон аскерлердин көбү кандайдыр бир оорудан улам көз жумган. Бул орточо эсеп менен ар бир үчүнчү жоокер илдеттен улам өлгөн дегенди билдирет. Алардын эң көбү 2018-2020-жылдары катталган.
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери өткөн жылы Ички иштер, Коргоо, Юстиция министрликтеринде жана УКМКга караган аскер бөлүктөрдө болушкан. Алар Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарындагы жана Бишкек шаарындагы аскер бөлүктөрдө 249 жоокерден сурамжылоого алышкан. Суроо-жоопко катышкан жоокерлердин 98%ы армияга келгенде ден соолугу чың, эч кандай оорусу болбогонун айтышкан.
«Ашыкча жүктөм жоокерлердин ден соолугуна таасир тийгизиши мүмкүн»
Ошол эле баяндамада армиядагы нөөмөт график жоокерлер оор жүктөмдө кызмат өтөп жатканын көрсөткөн. Батальондун командиринин айтымында, бөлүктөрдө күн сайын түн ичинде кайтарылган объектилердин периметри боюнча кошумча постторду орнотууга туура келет.
«Аскер бөлүктөрдө бир взвод кызматта, бир взвод класста жанадагы бири эс алууда болушу керек. Бирок учурда башкармалыктын объектилерин кайтаруу боюнча роталарда эки взвод гана бар. Бири кызматка кирсе, экинчи взвод эртеси алмашат. Башкача айтканда, чакырылгандар эки күндө бир жолу күжүрмөн кызматка киришет. Взводдун командиринин айтымында, бул алар үчүн чоң көйгөй, анткени эки смена бири-бирин алмаштырып эс алууга үлгүрбөйт», — деп жазылган докладда.
Аталган институттун жарандардын укуктары жаатындагы жетекчиси Аскат Азарбековдун «Т-Медиага» билдиришинче, оорудан каза болгондор тийиштүү алдын-ала медициналык дарылоодон өтпөйт. Ошондой эле диагнозу айтылбаганынан келип чыгат.
«Беш жылдын ичинде оорудан каза болгон, психиатрияга жөнөткөн аскерлер кездешкен. Бул деген алдын ала жакшы текшерүү болбогондугун түшүндүрөт. Медициналык кароо жакшы болгон эмес. Ошол кемчиликтен келип чыккан көйгөй. Биздин иштин жыйынтыгы менен ар бир аскер бөлүктөрүндө психиатр болуш керек экен деген сунушту бердик. Анткени балдар оор жумуш кылбай жүрүп аскерге барат, ал жактын өзүнүн тартиби бар. Ага чыдабай калыштары мүмкүн».
Коргоо министрлигиндеги мурдагы кызматкер медициналык комиссия кээ бир ооруларды жеңил оору катары кабыл алган учурлар бардыгын ачыктады. Армияга барганда оору жуктуруп, каза болгондор да бар экенин кошумчалайт.
Акыйткатчы аппаратынын баяндамасында кызмат учурунда медициналык жардамга 65 адам кайрылганы белгиленет. Баш тартуу фактылары катталган эмес. Бирок болжол менен сурамжылоого катышкандардын 29%ы медициналык тейлөөнүн сапатына канааттанбаганын айтышкан.
Сүрөт: “Т-Медиа”
Ал эми аскердик бөлүктөргө байма-бай барып, жоокерлердин ал жактагы жашоосу менен таанышып жүргөн «Жоокерлердин энелери» коомдук фондунун жетекчиси Уулкан Байгубатова медициналык комиссиядан тааныш-билиштик жол менен өткөрүп салышат дейт.
«Медкоммиссия биринчи орунда турат. Жаап жашырып келип алышып, психикалык ооруканага түшүп калгандар болуп жатат. Ата-энеси мойнуна алат. Аттан жыгылат, трамва алып калгандар да болот».
Аскерлердин өлүмүнүн дагы бир негизги себеби – суицид
Чүйдүн Молдовановка айылындагы Жаза аткаруу мекемесинде өмүрү кыйылган аскер болгону 18 гана жашта болчу. Анын жакындары инисинин өзүн атып алганына ишенбей тургандыктарын айтып, эки күн мурун гана сүйлөшүшкөнүн билдиришкен. Каза болгон аскер Ысык-Көл облусунун тургуну жана беш бир туугандын кенжеси болгон. Өткөн жылдын май айында ант берип, эки айдан соң айылына сөөгү барды.
Акыйткатчы аппаратынын маалыматына ылайык, өлүмдүн дагы бир маанилүү себеби өз өмүрүнө кол салуу болуп саналат. 2017-жылдан бери каза болгондордун дээрлик 20%ы өз жанын кыйган.
«Т-Медиа» Аскер прокуратурасына кат жиберип, 2018-2022-жылдар аралыгындагы армияда каза болгон жоокерлер тууралуу маалымат алды. Мекемеден билдиришкендей, акыркы беш жылда аскердик кызматын өтөп жаткандардын арасында 23 жоокердин өлүмү катталган. Эгер, салыштырсак бул Акыйткачы аппаратынын докладындагы сандардан кыйла аз экенин көрсөтөт. Анын себебин Башкы прокуратура окуяда кылмыштын курамы болсо гана иш козголо турганы менен түшүндүрдү.
«Же болбосо кээде бизде бүдөмүк учурлар болуп калат да. Мисалы, каза болгону күмөн жаратып калышы мүмкүн. Демек, кылмыш иши кылмыштын курамы болсо гана козголот», — дейт алар.
Анализ көрсөткөндөй, Аскер прокуратурасынын маалыматында 2018-2022-жылдар аралыгындагы кылмыш иштеринин басымдуусу суицид боюнча козголгон. Анын жалпы саны — 13.
Башкы прокуратура армияда каза болгон ар бир жоокердин өлүмүнө Аскер прокуратурасы текшерүү жүргүзөрүн белгиледи.
«Кызмат өтөп жатып каза болгон ар бир аскер кызматкерине текшерүү жүргүзүлөт. Ошонун негизинде чечим кабыл алынат. Оору боюнча болсо тийиштүү экспертиза дайындалат. Соттук экспертизанын жыйынтыгы болот. Ошонун негизинде чечим кабыл алынат. Ошондой эле жол кырсыгы боюнча да экспертиза жүргүзүлүп, кырсыкка ким күнөлүү экени текшерилет», — деп билдиришти Башкы прокуратураныны маалымат кызматынан.
Эмнеге өз өмүрүнө кол салган учурлар көп болууда?
Жоокерлердин өз жанын кыйышынын түпкү себептерин терең изилдөө курч, татаал жана көп кырдуу көйгөй. Мындай пикирлерин аскердик бөлүктөрдүн психологдору Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери менен баарлашкан учурда билдиришкен.
«Аскер кызматчылары жабык эркек командада, ар дайым бири-бирин көз алдында, атаандаштыктын шарттарында аскер бөлүктөрүнүн аймагында болгон өзүн-өзү өлтүрүү фактылары аскер кызматчыларына катуу таасир этип, оор кесепеттерге алып келет. Бөлүктүн моралдык-психологиялык маанайын бузат жана алар өз кезегинде жалпы бөлүктүн күжүрмөн кызматына жана күжүрмөн даярдыгына түздөн-түз таасирин тийгизет», — деп айтышкан.
Ал эми Коопсуздук кызматынын ардагери, генерал Артур Медетбеков куралдуу күчтөрдө аскердик зомбулук мурун да болуп келгенин, азыр анын калдыгы же ошондон калган тарбия уланып жатканын айтат.
«Мурда мектептерде башталгыч аскерге даярдоо деген сабак өтүлчү. Куралды колдонуу, кантип жүрүү керек ошолорду окутат эле. Азыр ошол даярдык жакшы эмес болгону үчүн физикалык, моралдык, психикалык жактан аскерге баргандан кийин мыйзам уставда көбү кысылат, көбү кордук көрө баштайт. Анын үстүнө мурун келип кызмат өтөп калгандар жаңыларга психологиялык кысым көргөзө баштайт. Биринчиден, ошол нерсеге чыдабай өзүн-өзү атып койгондор бар. Экинчиден, кордук көргөзүп, уруп-согуп аларды катуу ызалантканда уруша кетип, өзүн-өзү асып, атып салган учур болушу мүмкүн”, -дейт ал.
Укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткен адистер армиядагы зомбулук, каза болгон учурларга бийлик дыкат көңул бурушу керек деген пикирде. Тиешелүү органдардын баары окуяны талдап, комплекстүү иш алып барышы абзел. Антпесе ар бир адамдын, жоокердин өмүрү баарынан кымбаттыгын, тынчтык учурунда ишке жарамдуу курактагы уландардан айрылуу өлкө үчүн да чоң жоготуу деп кулак кагышат. Ал эми Акыйткачы институту мониторингдин жыйынтыгы менен өкмөткө бир нече сунуштарды жиберген. Алар:
Билим берүү жана илим министрлиги менен Куралдуу күчтөргө:
- Бардык жалпы билим берүү уюмдарына запастагы аскер кызматчыларынан «Баштапкы аскердик даярдоо мугалими» штаттык бирдиги киргизилсин.
Коргоо министрлигине:
- Аскер комиссариаттарынын кызматкерлерине «Психолог» кызмат ордун киргизүү.
Юстиция министрлигине:
- Аскерге чакыруу курагын 18ден 21 жашка көтөрүү каралсын.
Жогорку сотко:
- Мындай иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аскер кызматкерлери тарабынан жасалган кылмыш иштерин караган судьяларды окутуу маселеси каралсын.
Материалдын авторлору: Айдай Беделбек кызы, Жылдыз Орозматова, Аймээрим Дарбанбек кызы.
Бул Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Савия Хасанова. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.
Автор: Т-Медиа > 374 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat