БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Акыркы коңгуроодон" кийин бүтүрүүчүлөрдү ташыган 48 унаа кармалды

"Акыркы коңгуроодон" кийин бүтүрүүчүлөрдү ташыган 48 унаа кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы "Акыркы коңгуроо" аземинен кийин бүтүрүүчүлөрдү тоого ташыган 48 автоунаа аныкталганын билдирди. 

Мекеменин маалымдашынча, 25-майда бүтүрүүчүлөр эскертүүлөргө карабай эс алуучу жайларга кортеж унаалары менен чыгышкан. Катталгандардын 29у Бишкек шаарында кортеждик унаа жана 16сы кичи автобус болгон. Ал эми Нарын облусунда үч машина аныкталган. Окуучулар аймактык милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, ал эми автоунаалары айып короо жайына токтотулган.

Бул күнү жалпы 2909 айдоочулар жол эрежесин бузду. Алардын 45и мас абалда, 34ү документтери жок, 559у ылдамдыкты ашырып кармалды. 

Буга чейин Ички иштер министирлиги бүтүрүүчүлөргө эскертүү таратып, чогулуп эс алууга чыкпоого чакырган эле. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей