БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында коло медаль утту

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында коло медаль утту

Акжол Махмудов

Акжол Махмудов Париж Олимпиада оюндарында коло байгени утту.Кыргыз спортчусу коло үчүн  азербайжандык Санан Сулейманов менен күч сынашып, аны 6:5 эсебинде жеңип алды.

Муну менен ал Кыргызстандын куржунуна үчүнчү медалды алып келди. 

Чейрек финалда Махмудов казак балбаны Демеу Жадраев менен  беттешип, 3:1 эсебинде утулуп, жарым финалга өтпөй калган. Ага чейин балбан биринчи атаандашы Камал Амир Бейди 4:1 эсебинде жеңген болчу. 

25 жаштагы Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген.

Дагы бир кыргызстандык спортчу Үзүр Жузупбеков бүгүн, 8-августта коло үчүн күч сынашат. Анын атаандашы египеттик Мохамед Габр.

Учурда Парижде жайкы Олимпиада өтүп жатат. Буга чейин кыргызстандын эки балбаны кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков коло байге уткан.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей