БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Ала-Тоо» аянты качан оңдолуп бүтөт? Мэриянын жообу
Борбордук "Ала-Тоо" аянтын оңдоо иштеринин 90%ы бүтүп калды. Бул тууралуу "Т-Медиага" мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Назгүл Жамгырчиева билдирип, жумуштар 31-августка чейин аяктай турганын белгиледи.
31-августта "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдык мааракесине жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттар уюштурулат. Жамгырчиева аянтка курулуп жаткан жаңы фонтандар ал күнү ишке берилип-берилбешин тактаган жок. Ал эми реконструкция иштерине жумшалган каражат жумуш толук бүткөндөн кийин эсептелип чыгып, жарыяланат.
Буга чейин вице-мэр Азамат Кадыров борбордук аянттагы жумуштар 31-августта аяктай турганын билдирген.
"Ала-Тоо" аянтын реканструкциялоо иштери 27-апрелде башталган. Анын азыркы композициясын "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы иштеп чыкканы маалым.

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
March 2025
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5