БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдолду

"Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдолду

Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы

"Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. 

Мэриянын маалыматына караганда, инфракызыл жылыткыч орнотулуп,  жылуу пол коюлган. Ошондой эле кабинанын үстү алмаштырылып, айнектер, килемдер алмаштырылган. 

Мындан сырткары металл тосмолор сырдалып жана алардын элементтери жаңыланып, кабинага 75 сантиметр болгон гербдин сүрөтү коюлган. 

Ардактуу кароол жайы демөөрчүлөрдүн тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөн. Жалпы 1 млн  345 миң 500 сом сарпталган. 

"Аталган жерди жана гербди жаңылоо өтүнүчү менен  мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев баш калаанын муниципалитетине кайрылгандыгы" айтылат маалыматта.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей