БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: "Алай" футбол клубунун оюнчулары айлыгын талап кылышууда

Ош: "Алай" футбол клубунун оюнчулары айлыгын талап кылышууда

"Т-Медианын" коллажы

Футбол боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, «Алай» футбол клубунун оюнчулары ноябрь айлыгынын толук берилбей жатканына наарызы. Маселе боюнча Кыргызстандын футболчулар союзу клубдун директоруна кайрылып, социалдык тармак аркылуу каражатты төлөп беришин талап кылды.

Ош шаарынын "Алай" футбол клубунун оюнчулары ноябрь айында он күндүк гана маянасын алышкан. Команданын акыркы оюну 5-ноябрда өтсө, ошону менен оюндар жыйынтыкталып, футболчулар эс алууга тараган. Алардын айтымында, келишим 1-декабрда бүткөн. Ал эми документте клуб ошол күнгө чейинки маянаны толук төлөшү керектиги даана көрсөтүлгөн. Оюнчулардын бири Нурланбек Сарыкбаев буларды билдирди. 

" Маянабызды төлөп берсе жакшы болмок. Антпеспе командага эле зыяны тийип калышы мүмкүн деп ойлойм. Оюнчулардын баары эле азыр ушул маселе менен жүрөт". 

Аталган маселе боюнча Кыргызстандын футболчулар союзу тынчсыздануусун билдирип,  оюнчулардын маянасын төлөп берүүнү "Алай" клубунан талап кылууда. Мындан тышкары футболчулардын статусу жөнүндө регламент бузулуп жатканын эскертти. 

"Бул боюнча "Алай" клубу ФИФАнын футболчуларынын статусу жана трансфери боюнча регламентти, ошондой эле Кыргыз футбол Союзунун оюнчуларынын статусу жана трансфери жөнүндө регламентти, тактап айтканда 19-берененин 1-пунктун бузуп жатат. Мындай аракеттер биздин мүчөлөр үчүн ынгайсыз шарттарды түзөт жана адилеттүүлүк принциптерине каршы келет. Бул кырдаалда биздин мүчөлөргө  каражаттарды төлөп, тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштайбыз", -деп жазган союз соцтармактагы баракчасына.

Клубдун жетекчилиги эмне деп жатат? 

Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондун жана "Алай" футбол клубунун жетекчиси Кабылбек Укулов оюндар бүткөндүгүнө байланыштуу келишимдер токтотулуп, маянанын 30%ы гана төлөнгөнүн айтты. Ал чечим мыйзамдуу кабыл алганын кошумчалады.

"Алар (ред-оюнчулар) бул жерде болбосо деле төлөп бергенибиз, муниципалдык меукеме катары мыйзам бузуу болуп калат. Бирок биз ал жолго барбадык. Мыйзамдуу жол менен балдарга түшүндүрүп, айтып, токтотууга мажбур болдук". 

Укулов мындай абал 2022-жылы да болгон дейт. Анда футболчулар менен келишим бир жарым ай мурда бузулган. Ар жыл сайын катталган мындай учурлар оюнчулардын клубга тартылуусу кандай болот деген суроо жаратат. 

"Ошол эле оюнчулар "быйылкы жылы да кайра ойнойм деген оюбуз бар" деп мага келип атат. Кечээ төртөө келген, бүгүн да эки-үчөө (ред-6,7-декабрь күндөрун айтты) келди. Андан тышкары жакынкы чет өлкөлөрдөн да оюнчуларды карап атабыз. Буюрса быйылкы жылы да "Алайдын" курамын күчтүү кылып алып чыгабыз деген ойлор бар". 

"Алай" футбол клубу Ош мэриясынын карамагында жана аларга шаардык бюджеттен быйыл 70 миллион сом бөлүнүп берилген. Муниципалитеттин басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов футболчулардын арызы 7-декабрда келип түшкөнүн билдирди. Ал комиссия түзүлүп жатканын, жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин кошумчалады. 

"Алай" быйылкы сезонго 25 оюнчу менен аттанган. Командага коңшу Өзбекстан, Украина жана жергиликтүү клубдун оюнчулары чакырылган болчу. 

Автор: Т-Медиа > 347 статей