БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Алайда тургундар көмүр кенге жол салынышына нааразы болуп жатат

Алайда тургундар көмүр кенге жол салынышына нааразы болуп жатат

Сүрөт kyrgyzkomur.gov.kg сайтынан алынды

Алай районунун Үч-Дөбө аймагындагы Чоң-Кара-Кол айылынын тургундары "Загара 2" көмүр кенине жол курулушуна нааразы болуп чыкты. Алар курулуш жүрсө мөңгүлөр ээрип, бир нече айылдын эли таза суусуз, жайытсыз каларын айтып жатат. Мындай кайрылуусу менен 26-сентябрда маалымат жыйын өткөрүштү. 

Жашоочуларды нааразы кылып жаткан жол "Кыргызкөмүр" ишканасына караган "Загара 2" көмүр кенине алып барат. Ал Кара-Суу районунун Папан аймагында жайгашкан. Жаңы жол Алайдагы ушул Чоң-Кара-Кол айылынан өтөт. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, курулуш тууралуу маалыматты бийлик өкүлдөрү кабарлаган. Тургундар кенге барууга башка дагы эки жол бар болгондуктан жаңысына муктаждык жок деген ойдо.

"Бирок айылдын басымдуу бөлүгү буга каршы. Анткени биз келечек муунга табиятыбызды сактап өткөзүп беришибиз керек. Ал жерде аябай чоң мөңгүлөр бар. Алар аны жок кылса, биз эле эмес көптөгөн айылдар суусуз калат. Учурда көп дарыяларга ошол мөңгүлөрдөн суу түшөт. Аны менен катар жайыттарыбыз талкаланат. Бизде ансыз да жайыт тартыш"- дейт тургундардын бири Шерикбай Борбодоев.

Жергиликтүү бийлик көмүр кенди ачуу менен элдин кара отунга болгон муктаждыгын жоюшун айтышкан. Айыл тургундары болсо, аны пайдаланбай тургандыгын айтып жатат.

"Алар бизди алдап жатышат. Алардын максаты жол курулса Кытайга 25  чакырым жол кыскарат экен. Биз Мурдаштын (ред- айылда "Загара 2" кенинин көмүрү ушундай айтылат) көмүрүн эч качан пайдаланбайбыз. Себеби, көмүр аябай майда. Аны жакканга мүмкүн эмес", -дешти тургундар.

Буга чейин "Кыргызкөмүр" ишканасы Кара-Сууда "Загара 2" көмүр кенин иштете баштаарын жарыялаган. Ал 100% мамлекеттин карамагында болуп, кенде 77 жумушчу иштейт. Жалпы аянты 16,78 гектар.

Бул айылда 1800дөн ашык тургун бар. Аймакта кенди иштетүүгө каршы кол топтой башташкан. Азырынча 333 адам арызга кол коюп берген.

Автор: Асилбек Тагайбек уулу 

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей