БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Алайда катуу жаандан сел жүрдү

Алайда катуу жаандан сел жүрдү

Сүрөт ӨКМ

Бүгүн, 20-апрелде Ош облусунун Алай районунда жамгыр жана аралаш мөндүрдүн кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.  

Табигый кырсык саат 17:30 чамасында Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында болгон. Жерине министрликтин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ тартылган. Селден Гүлчө-Жошолу ички чарбалык унаа жолунун жети чакырымы жабылган. Унаа жол саат 19:30 чамасында тазаланып, кайра ачылды. 

Ош-Гүлчө-Сары-Таш-Иркештам авто унаа жолунда да сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылды. Жолдун Кара-Суу районунундагы Алгабас учаскасында узуну элүү, туурасы 12 метр, калыңдыгы 0.30 см сел жүргөн. Жалпы көлөмү болжолдуу 1800 метр кубду түзөт. Ал эми Баш-Булак айылдык аймагынын Талдык айылындагы бөлүгүндө узуну 40, туурасы 12 метр, калыңдыгы 30 см сел каптаган. Болжолдуу жалпы көлөмү 1440 м3.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей