БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө иши убактылуу токтотулду

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз  жоголгон жаранды издөө иши убактылуу токтотулду

Сүрөт: ӨКМ

Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги натыйжа чыкпаганын белгилеп, издөө иштери 22-январда улантылаарын билдирди.

Ушул жылдын 14- январь күнү 28 жаштагы Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Анын тоо көздөй бара жатканы Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине түшүп калган.

20-январда издөө иштерине жалпы 250 адам тартылган. Курамында кинолог, алты дрон, үч ат жана Ички иштер министрлигинин  кызматкерлери дагы болгон. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей