БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаранды издөө иштери бүгүн дагы уланууда

Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаранды издөө иштери бүгүн дагы уланууда

Сүрөт: ӨКМ

Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иши бүгүн, 20-январда дагы уланып жатат. Ал үчүн жалпы 195 адам тартылды. Анын 145и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. Курамында кинолог, алты дрон, үч ат жана Ички иштер министрлигинин 50ү кызматкери бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жаткан. "12 каминов" эс алуучу борборунун аймагында министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун башчылыгында штаб түзүлгөнү маалым болгон. 

Эске салсак: ушул жылдын 14- январь күнү 28 жаштагы Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Ал акыркы жолу 14-январды караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей