БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаранды издөө иштери токтотулду

Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаранды издөө иштери токтотулду

Сүрөт: ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Аламүдүн капчыгайында жоголгон 28 жаштагы Мухаммедалы Маматалы уулун издөө иштери токтотулганын кабарлады. Билдирмеге караганда, жакын туугандары анын жоголгонуна он күн болгонун айтып, куткаруучуларга ыраазычылык билдиришкен.

Мухаммедалы Маматалы уулун издөө иштери кечээ, 23-январда дагы уланган. Ал үчүн ӨКМден 172 куткаруучу, ИИМден 110 кызматкер тартылып, алар кечки саат 18:00гө чейин издешкен. Издөө иштери үчүн ӨКМ 6 дрон, 18 техника, ал эми ИИМ 1 дрон жана 4 техникасын жөнөткөн.

Эске салсак: 14- январь күнү 28 жаштагы Мухамедаалы Маматалы уулу үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Анын тоо көздөй бара жатканы Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине түшүп калган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей