БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чүй: төрт жарым айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иши кайрадан уланууда

Чүй: төрт жарым айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иши кайрадан уланууда

Сүрөт: ӨКМ

Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында январь айынан бери дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы Мухамедаалы Маматалы уулун издөө иши жакындарынын кайрылуусунун негизинде кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу 3-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Бүгүн издөө ишине министрликтен 34, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан эки куткаруучу эки дрон менен чыгышкан. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин 300 кызматкери издөө иштерине тартылган.

17-январдан тартып аны издөөгө ӨКМдин 200дөн ашуун куткаруучусу, кинологтор, ИИМден 100дөн ашуун кызматкер тартылып бир канча күн издөө иштери уланган. Тилекке каршы, жыйынтык болгон эмес. Ал эми 23-январда дайынсыз болуп жаткан Мукамбеталынын туугандыры куткаруучуларга ыраазычылык билдирүүсү менен издөө иштери токтотулган. 

Эске салсак: ушул жылдын 14-январында  Мухамедаалы Маматал уулу үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Ал акыркы жолу 14-январды караган түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей