БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто "Коён" каймана аттуу Низамов кайрадан үй камагына чыкты

Ошто "Коён" каймана аттуу Низамов кайрадан үй камагына чыкты

Сүрөт: Ош ШИИБ

Кылмыш чөйрөсүндө "Коён" каймана аты менен белгилүү Майрамбек Низамов 12-январда үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Т-Медиага"  Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Ал ушул жылдын 9-мартына чейин үй камагында болот. 

Облустук сот айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын тандап жатып анын өздүгү жана туруктуу жашаган жери тастыкталгандыгын, жаштыгын, анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыпталганын, мурда сот жообуна тартылбагандыгын, жабырлануучунун тосмо арызын, жарашуу жөнүндө келишим түзүлгөнүн, жабырлануучунун пикирин эске алгандыгын кошумчалады.  

"Соттук отурумда жабырлануучу тергөөчүнүн өтүнүчүнө каршы чыгып, келтирилген чыгымды толугу менен кайтарып бергендигин, тосмо арыз берип, жарашуу жөнүндө келишим түзүлгөнүн, толугу менен келишимди колдоорун билдирип, айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы үй камагы түрүн колдонуп берүүнү суранган"-деп жазылат маалыматта. 

Ош шаардык милициясы 10-январда Майрамбек Низамовду алдамчылыкка шектеп кармаган. Мекеменин маалыматына ылайык, ал шаардагы күрөөканалардын бирине күрөөгө "iPhon 14 pro Max" үлгүсүндөгү телефондун бош кутусун таштап, 50 миң сом алып кеткен.

Низамов кылмыштуу топтун мүчөсү, 2015-жылдан бери төрт жолу соттолгон. 2023-жылы бир нече жолу кылмышка шектүү катары кармалып, кайра бошотулган.

Эске салсак: былтыр октябрь айында Ош шаардык милициясы Майрамбек Низамов 60 iPhone телефонунун коробкасына болт салып, алдап кеткенин маалымдаган. Кийин кармалып, кайра үй камагына чыккан. 

Ошто 2023-жылдын январь айында социалдык тармакка белгисиз жарандар бир кишини арматура менен сабап жаткан видео тараган. Ал окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши жаракат алган. Кийин арматура менен сабалган жаран Майрамбек Низамов экендиги аныкталган.  Ал августта бирөөнү бычактап кармалып, кайра бошотулган. 

Автор: Осмонова Айдана > 615 статей