БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Алга Кылычовду 10 жылга абакка кесүү өкүмү күчүндө калды

Алга Кылычовду 10 жылга абакка кесүү өкүмү күчүндө калды

Сүрөт centralasian.org сайтынан алынды

25-сентябрда Чүй облустук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычовду 10 жылга абакка кесүү тууралуу Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттык"анын адвокаты Жанат Гүлжигитовго таянып жазды. Облустук соттун чечимине каршы эми Жогорку сотко апелляциялык арыз берерин айтты.

Алга Кылычов 21-июнда Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы "Барымтага алуу" жана "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" беренелери менен айып коюлган. Бул чечимге каршы адвокат Жанат Гүлжигитов Чүй облустук сотуна кайрылган.

Алга Кылычов Кой-Таш окуясына байланыштуу 2019-жылы кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. 

Автор: Т-Медиа > 361 статей