БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Кара-Сууда селден жабыркаган 21 үйгө жардам берилбей калганын айтты

Депутат Кара-Сууда селден жабыркаган 21 үйгө жардам берилбей калганын айтты

Сүрөт: Исхак Туратбеков

Ош облусунун Кара-Суу районуна караган Асан-Чек жана Кыргыз-Чек айылдарында селден жабыркаган 21 үйдүн ээсине мамлекет тарабынан жардам берилбей калган. Бул маселени парламенттин 19-сентябрдагы жыйынында депутат Нурбек Алимбеков көтөрдү.

Анын айтымына караганда, 21 үйдүн ичинен жетөө "төртүнчү даражада", "14 үй үчүнчү даражада" деп аныкталган. Эл өкүлү бүгүнкү күнгө чейин аларга каражат жагынан жардам берилбегенин кошумчалады.

"Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагында сел жүрүп,  Асан-Чек, Кыргыз-Чек айылдарында 80ден ашуун үйдү суу каптап, жараксыз абалга келтирди. Бүгүнкү күндө жардамдар берилип жатат. Бирок акыркы 21 үйгө келгенде жардам берилей калды", -деди депутат. 

Алимбеков бул маселени көзөмөлгө алып, тез арада чечүү керектигин белгиледи. 

Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев депутаттын айткандарын четке кагууда. Ал селден жабыркаган үйлөрдүн баарына каражат жагынан жардам берилип жатканын айтты. 

"Коммисия ал жерге экинчи жолу барып келишти. Тиешелүү документтери өкмөткө жиберилди. Азыр эми күтүп жатабыз жакын арада берилип калат". 

Ушул жылдын 14-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш киши каза тапкан. Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган.

Кара-Суу районунда селден 742 үй жабыркап, анын 319унун ичине суу кирген. Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн билдирген. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей