БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Навои паркынын бир бөлүгүнө шаардыктар үчүн эс алуу аймагы курулууда. Сүрөттөр

Навои паркынын бир бөлүгүнө шаардыктар үчүн эс алуу аймагы курулууда. Сүрөттөр

Сүрөт: "Т-Медиа"/ 25.03.2024

Ош шаарындагы Алишер Навои паркы менен "Ферас" бассейнинин ортосунда амфитеатр, памп-трек, скейт-парк, воркаут, балдар ойноочу аянтчалары, сейилдөө үчүн сквер, мозайка дубалдар жана оргумалардын курулуштары жүрүүдө. Долбоордун жалпы суммасы 107 миллион 904 миң 709 сомду түзөт.

Долбоордун эскизи

Курулуш азыр кандай жүрүүдө?

Курулуш иштери былтыр 11-сентябрда башталган. Аны "Ясин Курулуш" компаниясы ишке ашырууда. Жергиликтүү бийлик эс алуучу жай толугу менен пайдаланууга ушул жылдын сентябрь айында берилерин маалымдады.
 

Эс алуучу зона Ош мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, шаар тургундарына жагымдуу шарттарды түзүү максатында "Аймактарды экономикалык өнүктүрүү" беш долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей