БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Алия Кубанычбекованын өлүмүнө байланыштуу төрт адам иштен кетти

Алия Кубанычбекованын өлүмүнө байланыштуу төрт адам  иштен кетти

Алия Кубанычбекова/ "Кактус"

Тишин дарылатуу учурунда каза болгон 3 жашар Алия Кубанычбекованын өлүмүнө байланыштуу Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан бошотулганын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. 

 

Маалыматка карганда,министр 18-январда Алиянын жакындарын кабыл алган. Мындан сырткары, бул окуядан кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбор жана Алиянын тишин дарылатуу үчүн ата-энеси биринчи кайрылган Dentamax жеке клиникасы жабылган.

Эске салсак: Алия Кубанычбекова 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон. Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция акысына дарыгерлер 106 миң сом сурашкан.

Операция аталган клиникада эмес, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медициналык борборунда жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага "Севоран" дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун  Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирген. Алар бардык экспертизалар дайындалганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын кошумчалаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей