БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Алматыда жер титирөөдөн кийин 44 адам ооруканага кайрылды

Алматыда жер титирөөдөн кийин 44 адам ооруканага кайрылды

Сүрөт: Tengrinews.kz

Алматыда 23-январга караган түнү саат 00:09да катталган жер силкинүүдөн кийин 44 адам ар кандай жаракат алып ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. 

Мекеменин маалыматына караганда, ооруканага кайрылгандардын ону жаш балдар. Алардын ичинен бешөө жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ал эми чоңдордон үчөө ооруканага жатып, 31и медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кеткен. Бейтаптар териси сыйрылып, денеси бир нерсеге урунуп, чоюлуп, ар кандай жаракат алышкан. 

23-январга караган түнү, саат 00:09да болгон жер титирөөнүн очогу кыргыз-кытай чек арасына жакын, Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун Аксуу ооданында болгону, күчү 7 баллга жеткени кабарланды. Термелүүнүн күчү Алматыда 5, Чымкентте 4 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ошондой эле Астанада шаарында, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетису, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

Ал эми жердин силкиниши Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 баллга жетти. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. 

Жердин силкиниши Өзбекстанда да байкалган. Фергана өрөөнүндө күчү 3-4 баллдык жер титирөө катталганын өлкөнүн Сейсмология кызматы маалымдады. Ага ылайык, силкинүүнүн күчү Анжиян, Фергана, Наманган облустарында 3-4 балл, ал эми Ташкент шаарында 3 баллды түздү.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей