БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Алтынбек Приматов 27-декабрга чейин камалды
“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга” шектелип кармалган Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов 27-декабрга чейин камакта калды. Мындай чечимди 29-ноябрда Ош облусттук соту кабыл алганын “Т-Медиага” мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Сотко өтүнүчтү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү келтирген.
Атайын кызмат бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Алтынбек Пирматов бул кызматка 2024-жылдын май айында дайындалган. Ага чейин Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетектеген.
Ага буга чейин да, 2022-жылы "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон. Башкы прокуратура ал Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң жарнамалык билбордду "мыйзамсыз бузуу" тууралуу иштин алкагында кармалганын маалымдаган. Кийин Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
АРТКА
ВИЧ/СПИД жөнүндө 8 миф
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat