БАШКЫ БЕТ > Макалалар

Алыскы айылды аалам менен байланыштыргандар

Алыскы айылды аалам менен байланыштыргандар

Сүрөт: "Т-Медиа"

Бишкектен миңден ашык чакырым алыстыкта жайгашкан Баткендин Зардалы айылынын кышы абдан катаал, электр жарыгы жок, эч кандай логистикалык жолдорго байланышпаган. Болгону башка айылдар менен туташтырган аска боорунан өткөн жалгыз кууш жана таштак жол бар. Кышкысын бул жол да жабылып, айыл эли тоо аралап жөө каттап калышат. Эми алыскы, унутта калган Зардалы айылы "Internet Society Kyrgyzstan Chapter" коомдук фондунун жардамы менен интернетке туташып, жашоо жанданып калды. Билим алуу, саламаттыкты чыңдоо, үй-тиричилигинде да абал жакшы жагына өзгөрдү.

Зардалы интернет тармагына мындан бир жыл мурда "Интернет коом" фондусу тарабынан АКШнын Алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн гранттык долбоорунун колдоосу менен туташтырылган. Бир жыл аралыгында айыл эли интернет байланышына көнө түшкөн. Биринчи кезекте ар бир үй-бүлөнүн башка шаарларда, чет өлкөлөрдө жакындары менен байланышып турушуна, райондогу медицина кызматкерлерин же бейтаптар үчүн ылдыйкы айылдан унаа чакырууда колдоно баштаган.

Медицина кызматкери келгенин угуп эл аздан келе баштады. Райондон келген фельдшер Максатбек Жаанбай уулу интернет келгенден бери тоолук бейтаптар менен байланыш түзүлүп, дароо чара көрүүгө шарт түзүлгөнүн белгилейт.

"Чукул абал болуп калат. Баткен ооруканасына жеткирүү керек болуп калат. Ошондой учурда тууганына кабарлап же болбосо машина чакырганга пайдасы тийип жатат. Интернет келгени, биздин жумушту кыйла жеңилдетти десем болот. Себеби, дарылар жетпей калса 120 чакырымга барып алып келишчү. Эми интернет аркылуу эле айтып алдырып жатабыз".

Турдугүл үй-бүлөсү менен Санкт-Петербургда жашайт. Учурда ал төркүндөп Зардалыда жүрөт. Бир жылдан бери ата-энеси менен күн сайын видео аркылуу байланашып келет.

"Неберлерин көрсөтүп, ден соолук сурап, күн сайын эле сүйлөшүп турабыз. Жолдошумдун ишине байланыштуу Санкт-Петербург шаарындабыз. Бул жакка келгенибизге эки ай болду", -деди ал. 

Андан сырткары мессенжерлер жашоочулардын күндөлүк турмушунда да зарыл буюм болуп калды дейт аталган аймактын айыл башчысы.

"Жайлоодон мал издегендер бир эле биздин айыл эмес башка айылдардан да киришет. Ээси жок малды сүрөткө тартышат да мессенжерлердеги тайпаларга жөнөтүп коюшат. Анан адамдар ошол аркылуу эле уйларын таап башка айыл өкмөттөн да келип жүктөп кетип жатышат", - деди Сүйүнбай Убаев.

Айылдын көчөлөрү жарыктандырылды

Алыскы айылда интернеттин коюлушу айылдыктардын жашоосун өзгөртүүгө кыйыр да таасирин берди. Мисалы, интернет жабдууларын кубаттандырууга күн энергиясын колдонгон ыкманы көрүп, жашоочулар айыл көчөлөрүн жарыктандырүү демилгесин көтөрүп чыгыптыр. Көп өтпөй жергиликтүү бийликтин көмөгү менен Зардалынын борбордук көчөсү толугу жарыктандырылган. Иш кышкысын жүргөндүктөн чырактар, тирегичтер, темир түтүктөр баары жөө-жалаңдап ташылган.   

Бишкектен миң чакырымдан ашуун алыста турган Зардалы жолу катаал, тоо койнундагы Баткендин эң четки уникалдуу айылдарынын бири. Жылдын жарымы, тагырагы, ноябрдан май айына чейин бул айылды дүйнө менен байланыштырып турган автожол жабылып, эл кооптуу болгон капчыгай аркылуу жөө-жалаңдап каттап жашайт. Суук түшкөндөн бери интернет таратып турган жабдыктарга күн нуру жетишсиз болуп жатыптыр. Мындан улам айрым кубаттандыргычтар тез отуруп калып жатат дейт айыл тургандары.

Шамалдан электр кубатын алуу пландалууда

Айыл төрт тарабынан аска тоолор менен курчалып тургандыктан кышкысын күн менен кубат алууда да кыйынчылыктар бар. Мындан улам бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен айыл өкмөт эми шамалдан электр кубатын алууну пландап жатат.

Шамал аркылуу электр кубатын алуу тууралуу маалымат Зардалы эли үчүн жаңылык эмес. Себеби бул айылдын кулуну, учурда Ош шаарында иштеген илимпоз Өскөнбай Дилишатов Зардалыдагы шамалды 2001-жылдан бери изилдеп келет. Ал эл аралык уюмдар колдосо, тоолуу айылды шамалдын кубаты менен жарыктандырса болот деген ойдо.

"Анткени Зардалы өрөөнүндө өзү шамал көп болот. Шамалдын эң жогорку ылдамдыкта соккон жери Кара-Белес деген ашуусунда байкалат. Ал жерде орточо шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-15 метрге жетет. Демек, бул толук электр энергиясын алууга жарайт десек болот. Эми долбоор болуп каржылык колдоорлор болуп калса, ал жерге шамалдын станциясын курса болот. Жанына күн электр станциясын куруп, жакынкы айылдарды электр менен камсыздасак болот деп айта алабыз".

"Интернет коому" фонду (Internet Society) интернеттин элге жеткиликтүү, ачык жана коопсуз болушун жактайт.  Уюм адамдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн техникалык инфраструктураны өнүктүрүү иштерин жасап келет. Фонд алыскы айылдарды интернет тармагына туташтыруу боюнча бир нече долбоорду ишке ашырган.

Алдыда "Интернет коому" фондусу Ысык-Көл облусундагы Эңилчек айылын аалам торго кошуу үчүн 9 млн сомго жакын долбоорду пландап жатат. 

Макаланын видео версиясын "Т-Медианын" социалдык баракчаларынан көсөңүз болот.

Автор: Улукбек кызы Асем > 382 макала