БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Амантай жана Айтуяк" аталышындагы кыргызча 3D форматтагы мультфильм чыгат

"Амантай жана Айтуяк" аталышындагы кыргызча 3D форматтагы мультфильм чыгат

Сүрөт: Маданият министрлиги

Кыргызстанда "Амантай жана Айтуяк" аталышындагы кыргызча 3D форматындагы мультфильм чыгат. Тасманы жаз айларында эфирге берүү пландалууда. Бул тууралуу "Т-Медиага" Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мультфильм 8 сериядан туруп, Амантай менен асмандан түшкөн Айтуяк экөөнүн кызыктуу окуялары баяндалат.  

Анимациялык тасма "Кыргызфильм" киностудиясы жана "Карек балдар киносунун фонду" менен биргеликте тартылууда. Ага 6 млн сом бөлүнгөн. Башкы максат — кыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат. Режиссеру Айбек Дайырбеков, сценарийдин автору Токтобек Үсөнов, башкы сүрөтчү Кебек уулу Нурлан жана супервайзер Канат Ногойбаев.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей