БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Амантур Исмаилов грузиялык балбанды жеңди

Амантур Исмаилов грузиялык балбанды жеңди

Амантур Исмаилов

Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов Олимпиададагы алгачкы беттешинде грузиялык атаандашын 12:1 эсебинде жеңди. Ал 67 кг салмакта грек-рим күрөшүнөн күч сынап жатат. 

Балбан чейрек финалга өттү. 

27 жаштагы Исмаилов дүйнө жана Азия чемпионатынын коло медалдарын уткан. 

Учурда Парижде жайкы Олимпиада өтүп жатат. Азырынча Кыргызстандын куржунунда эки медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков коло байге утту. 

Бүгүн Акжол Махмудов жана Узур Жузупбеков жубатуучу беттешке чыгып, атаандаштарын жеңген. Эми коло байге үчүн күрөшүшөт. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей