БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Амантур Исмаилов коло медаль үчүн беттеште жеңилди

Амантур Исмаилов коло медаль үчүн  беттеште жеңилди

Амантур Исмаилов

Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Амантур Исмаилов коло үчүн беттеште утулуп калды. Ал 3-орун үчүн Европа чемпиону азербайжандык Хасрат Жафаров менен күч сынашып, жыйынтыгында 8:0 эсебинде жеңилди. 

Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта күрөшүп, алгачкы беттешинде грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалда украин балбаны Парвиз Насибовго 6:7 эсебинде жеңилген. 

Көңүл жубатуучу беттеште сербиялык Мате Немешти 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

27 жаштагы Исмаилов дүйнө жана Азия чемпионатынын коло медалдарын уткан. 

Учурда Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Анын аякташына үч күн калды. Мелдештерге Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Азыр өлкөнүн куржунунда төрт медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей