БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыйноолорго каршы борбор Аравандагы интернатта бузуулар аныкталганын билдирди

Кыйноолорго каршы борбор Аравандагы интернатта бузуулар аныкталганын билдирди

Сүрөт: Улуттук борбор

Кыйноолорду алдын алуу борбору 14-февралда Ош облусуна караштуу Араван районундагы балдар интернатын текшерип, бузууларды аныкташты. Мекеме аларга акт түзүп, бир жуманын ичинде бардык мыйзам бузууларды оңдоо талабын койгон. 

Улуттук борбордун маалыматына ылайык, интернатта тамак-ашты сактоо эрежелери сакталбайт. Ошондой эле дары-дармек жок жана дарыланууга шарт түзүлгөн эмес. Бир окуучунун керебетинде матрац болгон эмес.

Мекеме өспүрүмдөрдүн уктоочу бөлмөлөрүндө шкафтар жана тумбочкалар да жок экенин билдирди. Даараткананын эшиктери ичинен жабылбайт. Гигиеналык каражаттар жок. Дары-дармектер жетишсиз санда, алардын ичинен жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткендери да аныкталган.

"Мекемеде кармоо шарттары балдардын укуктарын одоно бузуп жатат. Алдын ала баруунун жыйынтыгы менен акт түзүлүп, мектеп-интернаттын жетекчилигине өткөрүлүп берилди. Жетекчиликтин айтымында, бир жуманын ичинде бардык мыйзам бузуулар оңдолот", — деп билдирди улуттук борбор.

Аталган мектеп-интернатында учурда 405 бала билим алат.

Улуттук борбор буга чейин Баткен облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатын да текшерип, ушул сыяктуу көптөгөн бузууларды аныктаган. Мекеме анын жыйынтыгын прокуратурага жөнөткөн. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей