БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Антисанитария. Баткендеги интернатта бузуулар аныкталды

Антисанитария. Баткендеги интернатта бузуулар аныкталды

Баткен облустук көркөм сүрөт мектеп-интернаты

Кыйноолорду алдын алуу борбору 8-февралда Баткен облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатын текшерип, бузууларды аныкташты. Мекеме анын жыйынтыгын прокуратурага жөнөткөн. 

Мекеменин маалыматына ылайык, интернатта тамак-ашты сактоо эрежелери сакталбайт. Ошондой эле дары-дармек жок жана дарыланууга шарт түзүлгөн эмес. Медайымдар балдар ооруп калса аларды үйлөрүнө жөнөтүшөт. 

Улуттук борбор интернаттын уктоочу бөлмөлөрү да толук жабдылбаганын билдирди. Жууркан, матрацтар эски. Жууп жатканда дагы алмаштырууга төшөнчүлөр жетишсиз. Душ, мончо жок. Балдар өз акчасына коомдук мончолорго барганга аргасыз болушат. Ажатканаларда да тазалык сакталбайт. 

“Жогоруда айтылгандын баары балдардын укугун одоно бузат, муну катаал мамилеге теңесе болот. Интернатка сапардын жыйынтыгы менен акт түзүлүп, прокуратурага жөнөтүлдү”, — деп билдирди улуттук борбор.

Аталган көркөм сүрөт мектеп-интернатында учурда 62 бала билим алат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей