БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылган төрт салык кызматкерлери кармалды

Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылган  төрт салык кызматкерлери кармалды

Сүрөт: УКМК

Кара-Суу районундагы базарларды көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору кармалып, тергөө абагына киргизилгенин 18-декабрда УКМКдан билдиришти. 

"Салыкчылар ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдап акча алышкан. Бирок иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан. Акча каражаттарын өндүрүү кылмышы штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган. Учурда базарларды көзөмөлдөгөн кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштерин уланууда", -деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, 11-декабрда Бишкектеги «Дордой» соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон беш салык кызматкери кармалганын атайын кызмат маалымдаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей