БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү узартылды
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу 6-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Катталуу үчүн tizme.gov.kg сайтына кирип, "Шайлоочунун кабинети" кызматынан арыз толтуруш керек. Ошондой эле, арыз Ошто төмөнкү даректерде да кабыл алынат.
- А.Навои атындагы орто мектебинин имараты, Масалиев көч. №37; |
- Ош мамлекеттик университети, Ленин көч. №331; |
- Калкты тейлөө борбору: Касымбеков көч. №8г/1 |
Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Анда биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулганы жатат. Бул өзүнүн туруктуу каттоосу бар жерде добуш берүүгө катыша албаган шайлоочулар үчүн түзүлгөн шарт. Алар 6-ноябрга чейин арыз тапшырып, өзү жашап же иштеп жүргөн аймакта добуш берүү участкасына жазылышы керек. Шайлоо күнү жазылган участокто идентификациядан өтөт. Анан ага туруктуу каттоосу бар жердеги талапкерлердин бюллетени чыгарып берилет. Башкача айтканда өзү Ош шаарында катталган болсо, Бишкекте туруп Ош шаардык кеңешине талапкерлер үчүн добуш бере алат.
Бардык суроолор боюнча 1255 ишеним телефонуна чалсаңыз болот.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat