БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Араван: эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укугунан ажыратуу сунушталууда

Араван: эгиз кыздарын сабаган келинди энелик  укугунан ажыратуу сунушталууда

Сүрөт: Башкы прокуратура

Башкы прокуратура Араван районундагы эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укугунан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирди. Бул тууралуу мекемин басма сөз кызматы 4-декабрда кабарлады. 

 

Маалыматка караганда, эгиз кыздардын энесине Кылмыш-жаза кодексинин "Уруп-сабап кыйноо" беренеси менен айы коюлган. Ал эми кайненесине "Кылмышка кошо катышуу, уруп-сабап кыйноо" беренесинин негизинде айыбы угузулуп,  карооо үчүн иш сотко жиберилген. 

Прокуратура жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жогоруда аталган жаранды энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө кароо алдында турагандыгын билдирди. 

Эске салсак: 6-ноябрда соцтармактарда балдарын сабап  жаткан келиндин видеосу тараган. Анда ал балдарын таяк менен сабап, заара ушатып койгондугу үчүн жемелеп жатканын көрүүгө болот. 

Окуядан кийин Ош облустук милициясы аялды кармаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси  (Уруп-сабап кыйноо)  боюнча кылмыш иши козголгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө аял видеотасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн эки жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга барганын айткан. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдар энесинен ажыратылып алынып, ооруканага жаткырылганын, толук камкордукка алынганын кабарлаган. Андан кийин мекеме эгиз кыздар атасына өткөрүлүп берилгенин кабарлаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей