БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Араван: кар токтобосо картошкаларды үшүк алуу коркунучу бар

Араван: кар токтобосо картошкаларды үшүк алуу коркунучу бар

Араван району. 09.02.2024. Сүрөт: президенттин Оштогу өкүлчүлүгү

Ош облусунун Араван районунда он күн мурун эгилген картошкаларды үшүк алуу коркунучу жок. Эгерде кардын жаашы бир жумалап созулуп кетсе, анда тобекелчилик жаралат. Бул тууралуу "Т-Медиага" Араван районун акими Сейтек Кулубаев билдирди.

"Күн сууктагандан тарта картошка эгүү жараяны токтотулган. Биз дыйкандарга маалымат берип жатабыз. Мониторинг жүргүздүк, үшүк алууга коркунуч жок деген маалымат алдык".

Араван районунда мындан он күн мурун жазгы талаа иштери башталып, 313 гектар жерге картошка эгилген.

Араван районунун климаты жылуу болгондуктан, Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу жаз эрте келет. Жергиликтүүлөр жыл сайын жерден эки түшүм алышат.  Аймакта былтыр жазгы талаа иштери 21-февралдан тарта башталган. 

Буга чейин Өзгөчө кырдалдаар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматы 17-февралдан тарта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөрүн эскерткен. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей