БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Араванда тургундар эки гектар жердин ижарага берилишине каршы чыгышты

Араванда тургундар эки гектар жердин ижарага берилишине каршы чыгышты

Сүрөт: "Т-Медиа"

21-майда Ош облусунун Араван районунун караштуу Достук айыл өкмөтүнүн 300гө жакын тургуну нааразычылык акциясына чыгышты. Жергиликтүүлөр эки гектар жердин узак убакытка ижарага берилип жатканына каршы болууда. Алар ал жерге эс алуу жайы курулса, жайыт кыскарып кетерин белгилешти. Мындан сырткары көрүстөнгө да жакындашат. 

Чогулгандардын көпчүлүгү эс алуу жайынын курулушуна бир добуштан каршылыгын айтты. Мындан улам демилгечилер долбоорду ишке ашыруу ниетинен кайтышканын "Т-Медианын" жеринде жүргөн кабарчысы билдирди.

Эс алуучу жайды куруу долбоорун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов жасаган. Ал "демилге ишке ашса айылда 70ке жакын иш орун түзүлөт эле" дейт. Жарандардын басымдуу бөлүгү каршы болгондуктан долбоорду башка райондо жүзөгө ашырмай болууда. 

Эл талабын угууга район акиминин орун басары, Достук айыл өкмөтүнүн башчысы катышты. Айыл өкмөт башчысы Мамиржан Кадиров ишкерлерди кармап калуу максатында айылдын башка тарабынан жер изделип жатканын айтты. 

Автор: Осмонова Айдана > 812 макала